Чек ара жанжалы. Спорт ордосунда гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды

 Чек ара жанжалы. Спорт ордосунда гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды

 Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн медиаштабдын маалыматына ылайык, жардам берүүнү каалагандар спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот.

Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперс).

Связанный пост