Чек арадагы атышууга байланыштуу Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды

 Чек арадагы атышууга байланыштуу Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды

 Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 11:00гө карада унаалардын өтүүсүнө төмөнкү жолдор жабылды:

– Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 216,5 чакырымы (Чоң-Талаа), 265 чакырымы (Кара аймагы), 272 чакырымы (Төрт-Көчө жерлиги);
– Баткен – Кара-Бак, Баткен – Кызыл-Бел унаа жолунун участогу;
– Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолунун тилкеси, (Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун эски багытынын 340-346-чакырымы).

Эвакуация жолдору: Төрт-Көл – Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай – Рават, Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Көк-Таш – Ак-Терек.

Связанный пост