Чүй облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга пландар талкууланды

 Чүй облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга пландар талкууланды

Чүй облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга пландар талкууланды.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, коллегиялык отурумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, төраганын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, анын орун басарлары Самат Исманов, Гүлмира Кыштобаева, райондордун акимдери, шаар мэрлери, облустук түзүмдүк башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында 2023-жылы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылга карата пландары талкууланды.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз сөзүндө белгилегендей, учурда облуста дээрлик бардык тармактарда негизги экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатат.

Региондун дүң продукциясы 146 млрд 415 млн сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 111,1 пайызга өстү. Чүй облусунун республиканын ички дүң продуктусундагы (ИДП) үлүшү 14,3 пайызды түзөт.

Экономиканын негизи катары мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 104 пайызга аткарылып, 13 млрд 124 млн сомго жетти, бул пландалгандан 500 млн сомго көп.

2023-2024-жылдары өндүрүшкө салынган инвестиция 181 млрд сомду түзүп, бир жылда анын 21 млрд 778 млн сому өздөштүрүлдү.

Өкүлчүлүктүн аппараты менен чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын Ленинград облусу, Кытайдын Шаньдун жана Шанси провинциялары, ошондой эле башка өлкөлөрдүн региондору менен 12 макулдашуу түзүлгөн.

Билим берүү тармагында 2023-жылы республикалык олимпиадага 9 окуучу катышып, байгелүү орундарга татышкан. 21 окуучу “Алтын тамга” сертификатын алса, ЖРТдан 2 окуучу “алтын сертификатка” ээ болуп, облус республика боюнча экинчи орунду алган.

Ал эми 2022-жылы чет өлкөлүк окуу жайларга 81 бүтүрүүчү кабыл алынса, 2023-жылы бул сан 270ке жеткен.

2023-жылы Чүй облусунда республикалык жана жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөрдүн каражаттары менен жалпы 1 млрд 196 млн сомго 60 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын арасында 7 бала бакча, 1 маданият мекемеси, 13 мектеп, 7 саламаттык сактоо объектиси, 27 спорт объектиси, 2 социалдык шаарча жана 3 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим берүү борбору бар. 8 мамлекеттик дарыкана ачылып, медициналык секторго 15 автоунаа, анын ичинде 10 тез жардам жана 5 кызматтык унаа алып берилди.

Чүй облусундагы жер амнистиясынын жүрүшүндө жер тилкелери боюнча 18 748 чечим, 14 438 мамлекеттик акт жана 3 835 техникалык паспорт берилген. Жалпысынан 41 820 арыз келип түшүп, анын 26 218и коомдук билдирүүдөн өткөн. Мурда камакка алынган 522 гектар жердин 400 гектары камактан бошотулуп, 1498 гектар жер мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Коллегиянын жыйынтыгында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү салыктык башкаруу, санариптештирүү, жер мунапысы жана башка иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Связанный пост