Чүй облусунда 1-сентябрда 7 жаңы мектеп ачылат
![Чүй облусунда 1-сентябрда 7 жаңы мектеп ачылат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/07/shkola-1-850x560.jpg)
Чүй облусу боюнча 7 жаңы мектеп ишке берилет. Ысык-Ата районунда төрт мектеп ачылса, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси даярдалууда.
Ысык-Ата районунун Логвиненский айыл өкмөтүнүнө караштуу мектеп 250 орунга, Ново-Покровка айылындагы Н.Баранова атындагы мектеп – 225 орунга ылайыкталса, Ивановка жана Тогуз-Булак айылдарындагы мектептер 150 орундуу эсептелет.
Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу чоң мектептин курулушу толук бүткөрүлдү. Ошондой эле, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагынын Мирный айылындагы мектеп 275 окуучуга, ал эми Жайыл районунун Сосновка айылындагы мектеп 225 баланын билим алуусуна шарт түзмөкчү.