24-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча 23 миң 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 788; мас абалында унаа башкаруу – 395; унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 240; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 803; унааны эксплуатациялоо эрежелерин […]Читать далее
Өлкөгө 1,4 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга үй буюмдарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерилген. Текшерүү маалында унаадан тиешелүү коштомо документтери жок, эсепке алынбаган эл керектөөчү товарлар табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз алып келинген товарлардын […]Читать далее
Гидрометеорология кызматында мамлекеттик бюджеттин каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык өлчөмдө акча каражаттарын […]Читать далее
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева диний окуу жайлардын окуучуларынын билим алууга болгон укуктарынын бузулушуна тынчсызданууда. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 2025-жылы ислам дини боюнча окуткан 7 облустагы 21 медресеге иликтөө жүргүзүп, бир катар олуттуу мыйзам бузууларды аныктады. Анда тарбиялануучулардын жашоо-шарттары, билим алуу процесси жана мекемелердин ишмердүүлүгү иликтенди. Мониторингдин жыйынтыгында көпчүлүк медреселерде уставдык жана каттоо документтери жоктугу, окуу программалары мамлекеттик […]Читать далее
Мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү өндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, “Кыргызнефтегаз” ААК жана “Кыргызгаз Петролеум Компани” ЖАК компанияларынын айрым кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схеманы уюштурушкан. […]Читать далее
Өлкө аймагында 17-июлдан 23-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4 619; Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 429; Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 222; Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет. Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жоопкерчиликке […]Читать далее
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө. Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери 109 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды. Рейддин иштер министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жүргүзүлүүдө. Токтом менен эндуро мотоциклдеринин, квадроциклдердин жана автоунаалардын жайыт аймактарына көзөмөлсүз кирүүсүнө катуу тыюу салынган. “Түрдүү […]Читать далее
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2026-жылдын 10-июлунда У.Б.М.га карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, ал Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу […]Читать далее
Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча бир жумалык рейд өттү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча 11 укук бузуу фактысы аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча тиешелүү беренесине ылайык эреже бузгандарга протоколдор түзүлүп, административдик айып пулдар салынды. Белгиленгендей, […]Читать далее