Туркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында салттуу жаа атуу боюнча кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду жеңип алды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, бүгүн тайпалык беттештер жыйынтыкталып, спортчуларды сыйлоо аземи өтөт.Читать далее
Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган. Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.Читать далее
Канымжан Алмазбек кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында оор атлетика боюнча коло байгенин ээси болду. Спортчу 87 кг салмак даражада катышты. Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 95 кг ийгиликтүү аткарды. Жалпы 171 эсеп менен Ислам оюндарында 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.Читать далее
Ош шаарынын борбордук аянтынан Silk Road Mountain Race велосипед жарышы башталды. Ага 40 өлкөдөн 163 спортчу катышууда. Silk Road Mountain Race — Кыргызстанда 2018-жылдан бери өтүп келе жаткан эл аралык веложарыш. Жарыштын жаратуучусу Нельсон Трис – велосипедчи, ал 2013-жылы Шанхайдан Парижге өзү досу менен Кыргызстан аркылуу тандем менен барган. 2017 жана 2018-жылдары келген Нельсон Тресс […]Читать далее
Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам оюндарынын финалына чыкты. Айпери Медетбек кызы жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. Спортчу 76 кг салмак категориясында күч сынашууда. Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбан менен күч сынашты. Финалдык беттештер саат 21:30да башталат.Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалдын ээси болду. Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев оюндардын жарым финалына чыкты. Тыныбекова 65 кг салмакта, ал эми Акматалиев 65 кг […]Читать далее
8-9-августта 2008-2009-жылкы өспүрүмдөр арасында жайкы Спартакиада өттү Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулду. Мелдеш спорттун 6 түрүн өзүнө камтып, эки күн аралыгында балдарга майрамдык маанай тартуулады. Иш-чаранын негизги максаты балдарды сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен машыгууга үндөө, балдар арасында достук […]Читать далее
Кечээ, 10-августта Бишкекте өткөн Eagle Fighting Championship (EFC 49) лигасынын турниринин алкагында аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык мушкер Расул Магомедов менен беттешип, жеңилип калды. 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар чемпиондук титулду Расул Магомедовго ыйгарышты. Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдубаит уулу 2021-жылы EFC`нин жеил салмактагы жаы чемпиону болгон.Читать далее
Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка ылайык, тактап айтканда Кызыл-Капчыгай, Мукур, Кашка-Суу, Райкомол айылында жана Кербен шаарында 5 спорт залдын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндѳрү пайдаланууга берүү алдында турат. Ошондой эле Ак-Жол, Жаны-Жол, Кашка-Суу айылдарында 4 кичи футбол аянтчалары дагы курулууда. Белгиленгендей, спорттук […]Читать далее