Бишкек шаарында 8-октябрь күнү кросс боюнча КРнын ачык чемпионаты өтөт. Мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Аталган мелдеш Кара-Жыгач сейил багында өтөт. Катышуучулар төмөнкү ылдамдык боюнча чуркашат: 1000 м – кыздар – 2009-2010 ж.т 1000 м – балдар – 2009-2010 ж.т 1000 м – кыздар – 2007-2008 ж.т 1000 м – балдар – 2007-2008 ж.т […]Читать далее
15-октябрь күнү Бишкек шаарында (эски аянт) КМШ өлкөлөрүнүн катышуусунда “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафону өтөт. Мелдештин жүрүшүндө 1км аралыкка чуркоо (2 жаштан жогорку кайраттуу адамдар), кол күрөш жана таяк тартышуу боюнча катышуучулар күч сынашат. Мындан сырткары концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар үчүн лотерея ойнотулат. Белгилей кетсек, “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафонунун башкы максаты […]Читать далее
Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Түркияда өткөн университеттер арасындагы Дүйнө кубогунда 1-орунду ээледи. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 80 кг салмакта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын атынан катышты. Мындан сырткары, 92 кг салмакта Бакыт Токтосунов коло байгенин ээси болду.Читать далее
Олимпиада оюндарынын чемпиону Пинигина Мария – Кулчунованын байгеси үчүн 15 жашка чейинкилер арасындагы эл аралык жеңил атлетика мелдеши уюштурулду. Анын максаты – жеңил атлетиканы жайылтуу жана мыкты спортчуларды аныктоо. Мелдеш Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 144төн ашык спортчу катышты. Иш чарада Биринчи май районунун С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген […]Читать далее
Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Кыргызстандык улакчылар мелдештин финалында казакстандык спортчулар менен чыгып, аларды 5:0 эсебинде артта калтырды. Чечүүчү 3-таймда Казакстандын курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок. Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, […]Читать далее
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын жер улак (көкпар) боюнча курама командасы Түркиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Изник шаарындагы мелдеште кыргыз улакчылары атаандашын 9:3 эсебинде утту. Эскерте кетсек, бүгүн, 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынайт: көк […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмне себептен кыргыз улакчылар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз аттары менен барбаганынын себебин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана “Муалем Авиейшн” компаниясы белгиленген шарттарда гана аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттар 2022-жылдын […]Читать далее
Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Көк-Бөрү жана Алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өткөрүп, бүгүнкү күндө даяр турушат. Оюнчулар 2022-жылдын 28-сентябрында учушат. Мындан сырткары, көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, […]Читать далее
Кечээ, 22-сентябрда Россиянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Россиянын курамасы Кыргызстандын “Ак шумкар” улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн 24-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Онлайн билеттерди iticket.kg расмий сайтынан алса болот. Билет баасы: – Чыгыш трибунасы: 350 (700) сом; – […]Читать далее
Шахмат боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Батыш Азия чемпионатында 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту. Чемпионат Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Индия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу жети мамлекеттен 20 жашка чейинки 30га жакын улан-кыздар катышты. Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык […]Читать далее