Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты. Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз […]Читать далее
Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешинин жыйынына катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө белгилегендей, 30 жыл аралыгында республикада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кыл иш-чаралар өткөрүлүп келген, бирок түрдүү себептерге байланыштуу ал […]Читать далее
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, – деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан. Чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган: – калктын аз камсыз болгон катмарын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө. Акылбек Жапаров Кыргызстан 30 жылдан бери коррупция менен ийгиликсиз күрөшүп жатканын белгилейт. “Паракорчулук бүгүнкү күндө дагы бардык мамлекеттик кызматтарда болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. 1997-жылдан тарта маморгандарда коррупция боюнча 16 миң 639 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 12 […]Читать далее
2022-жылы 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда. Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Россиянын өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүдө негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп […]Читать далее
2022-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кампания регионунун Казерта шаарына иш сапары менен барып, Касерта шаарынын мэри К.Марино менен жолугушту. Кыргызстандын Элчиси К.Мариного Кыргызстандын шаарларынын бири менен өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда түз байланыштарды түзүү үчүн Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүүнү сунуштады. Өз кезегинде мэр К.Марино Казерта муниципалитети тарабынан […]Читать далее
20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат. “Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун […]Читать далее