Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюсун кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды. Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара соода жүргүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга чейин жогорулатуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын андан ары кеңейтүүнү камсыз кылуучу фактор катары өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты. Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр […]Читать далее
Шанхай Кызматташтык Уюму 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын кубаттайт. Уюмдун сайтында маалымдалгандай, бул тараптардын маселелерди тынчтык жолу менен, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо менен чечүүгө болгон жакшы ниетинин ишке ашырылышынын артында мүмкүн болду. “ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай […]Читать далее
Бүгүн Тажикстандын президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери көйгөй болуп келе жаткан чек ара маселеси чечилди. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишим жакын арада Жогоку Кеңештен ратификациядан өтөт, андан кийин ратификациялык грамота алмашуу болуп, суроого чекит […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Садыр Жапаров өз сөзүндө Эмомали Рахмонду маанилүү ички саясий окуянын – Тажикстандагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кыргыз тарап шайлоо процессинин уюштурулушун жогору баалаарын баса белгиледи, муну эл аралык байкоочулар, анын ичинде КМШ, ЖККУ […]Читать далее
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына келди. “Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү. Президенттер бири-бири менен учурашты, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери […]Читать далее
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту. Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик […]Читать далее
Тажикстандын президенти 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу боюнча да ой бөлүштү. Алгач Нурланбек Тургунбек уулу Лю Цзянпинди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элди коңшулук алакалар эле эмес, миңдеген жылдарды камтыган […]Читать далее