Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси толук чечилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы футбол стадионунун курулушун баштоо аземинде билдирди. Ал белгилегендей, жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду. “Эртең Жогорку […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин ишине катышты. Ал өз сөзүндө аймактык туруктуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, ошондой эле глобалдык тынчтык жана коопсуздук күн тартибинин негизги маселелерине токтолду. Тажикстан менен чек ара боюнча тарыхый келишим Эдил Байсалов БУУнун бийик трибунасынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын […]Читать далее
Тажикстан менен Кыргызстан чек ара келишимине кол коюуга аз калды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин маалымат жыйында билдиргенин Спутник Тажикстан басылмасы жазып чыкты. Анын айтымында, чек ара боюнча бардык негизги маселелер макулдашылган, азыр документтерди расмий бекитүү жана айрым техникалык жагдайларды тактоо гана калды. Чечиле элек маселелердин ичинде Исфара менен Ворухтун ортосунда курулуп […]Читать далее
Бүгүн Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Кинугава Сатоси менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууларды практикалык ишке ашыруу жаатындагы маселелер талкууланды. Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-22-январда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча расмий сапар менен Россия Федерациясына барды. Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири талкуулады. Анда Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктары белгиленип, […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда «Керемет Банк» ААК, «Газпром нефть Азия» ЖЧК жана «Мунай Мырза» ЖАК компанияларынын АКШнын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча маселелер талкууланды. Министрдин орун басары Абакиров «Керемет Банк» жана жогоруда аталган компаниялардын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал Кыргызстандын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр) Руслан Давыдов менен жолугушту. Тараптар Евразия экономикалык биримдигинде бажылык жөнгө салуунун негизги маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Давыдов мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн […]Читать далее
Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Тлкаевдин кабыл алуусунда болду. Ведомстводон маалымдашкандай, министр Кулубаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтты. Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды. Эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Асеин Исаев кытай элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады, ошондой эле кыргыз-кытай баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө максатында биргелешкен жигердүү иштерге ишенимин билдирди. Лю […]Читать далее