Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жолугушууда Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге жылуу сөздөрүн билдирүү менен жакынкы убакытта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун жолдоп, Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. […]Читать далее
КР Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Ведомстводон билдиришкендей, Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат.Читать далее
Бүгүн Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушуусу болду. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү менен түз аба каттамдарын […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында малайзиялык Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Public Gold — Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды сатат жана чыгарат. Кулубаев менен аталган компаниянын өкүлдөрү жолугушуу учурунда Кыргызстанда […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзиянын инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Зафрул Тенгку Абдул Азиз менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кулубаевдин аталган өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 1-апрелде өттү. Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болду. Тактап айтканда; органикалык айыл чарба продукциясын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кыргызстанга иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Борбор Азиядагы ири музейлердин бири Бишкектеги Улуттук тарых музейине барды. КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди. Эркин Туниязды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен […]Читать далее
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө […]Читать далее
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева «Борбор Азия – Кытай» катчылыгынын ачылыш аземине катышты. КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара 30-мартта Кытайдын Сиань шаарында өттү. Ага Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, Шэньси провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ, «Борбор Азия – Кытай» катчылыгынын аткаруучу директору У Инцинь, ошондой эле Кытайдагы […]Читать далее
Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк
2024-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен […]Читать далее