Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу […]Читать далее
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, КР Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу мырзалар жана айымдар! Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жылдын жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Биз соңку 3 жыл ичинде Биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бетме-бет […]Читать далее
Бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында анын жыйынтыктоочу документтери кабыл алынды. Ошондо төмөнкү документтер кабыл алынды: 1. «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперативдик долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндөгү» маселенин алкагында тапшырма 2. «Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө» чечим. 3. «Евразия экономикалык биримдигинин 2023-жылга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анын айтымында, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат, буга байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу милдети коюлган. «Электр энергетика комплекси керектөөчүлөрдү жыл бою энергия менен ишенимдүү […]Читать далее
«Глобалдык жибек жолу. Губернаторлордун жана шаар мэрлеринин форуму» тегерек столдун алкагында Екатеринбург менен Бишкек шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Документке Екатеринбургдун башчысы Алексей Орлов менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол коюшту. Макулдашуунун максаты – эки шаардын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-техникалык, билим берүү, […]Читать далее
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынын ачып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү! Урматтуу Абдулла Нигматович, Урматтуу Сергей Николаевич! Урматтуу жыйын катышуучулары! Меймандос кыргыз жергесинде сиздерге кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан салам айтам. […]Читать далее
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны башталды. Отурумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда. Учурашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекеттердин башчылары ЖЕЭКтин тар курамдагы сессиясына катышуу үчүн залга өтүштү. Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралмакчы. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир […]Читать далее
Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Премьер-Министри Абдулла Арипов келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Өзбекстан Республикасынын Премьер-Министри Абдулла Арипов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары келди.Читать далее
Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Президент Касым-Жомарт Токаевди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.Читать далее
Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Премьер-Министр Никол Пашинянды КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.Читать далее