Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды

 Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда Мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт.

Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы.

Связанный пост