Президент Садыр Жапаров 24-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кайгылуу окуялардын кесепетинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды. Мамлекет башчысы турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Ал иш-чарага Беларусь Президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы жана паспорт системасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ишин санарипсиз элестетүү кыйын экенин айткан Бакыт Төрөбаев, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар иштин динамикасына […]Читать далее
Бүгүн, 23-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын камтыган китепче ай сайын чыгарылып турары айтылды. Комитеттин жамааты менен жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди […]Читать далее
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды. Жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ассамблея алкагында парламенттер аралык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму ийгиликтүү өткөнүн эске салып: “Анда кабыл алынган бардык […]Читать далее
КР министрлер кабинети жана Улуттук банк тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыззстанда накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, […]Читать далее
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган “Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу” аталышындагы конференцияга катышты. Конференциянын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, энергетика тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу энергетиктер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Энергетика дээрлик бардык өлкөлөрдүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика — туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду. Жолугушууга ошондой эле, Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жоомарт Токаевди кайрадан Казакстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады. Казакстандын мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, […]Читать далее
Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ал эми АлтынбекЖумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Арслан Койчиев 2021-жылы да президенттин кеңешчиси болгон. Кийин июнь айында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болгон. Арслан Капай уулу Койчиев — тарыхчы, жазуучу, журналист жана публицист. 1965-жылы 29-сентябрда […]Читать далее