Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду. Ачылышка президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты. Өз […]Читать далее
Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 11-июнунда аталган Конвенция Кыргызстан менен Бельгиянын ортосунда расмий күчүнө кирди. Бельгия Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макулдугун билдирди. Апостиль коюу […]Читать далее
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 29-30-сентябрда Минск шаарында өтөт. Бул чечим бүгүн Чолпон-Атада кеңештин кеңейтилген форматта өткөн жыйынынын соңунда кабыл алынды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жыйында 20 маселени карашты. Эскерте кетсек, 14-15-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына сапар менен келди. Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. […]Читать далее
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын […]Читать далее
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Анда килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди. Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен кыргыз-орус күн тартибиндеги […]Читать далее
Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сироко Мессерлинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Ведомстводон маалымдашкандай, Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, быйылкы жылдын июнь айында Швейцарияда өткөн кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстандын катышуусу менен боло турган маанилүү иш-чараларды, анын ичинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жалпы дебаттарын жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 30-конференциясын (COP30) […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана консулдук чөйрөлөрдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. АКШнын виза саясатында миграциялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү […]Читать далее
Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ортосунда жигердүү сүйлөшүүлөр болду. Тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун бардык спектрин талкуулашты, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышты, ошондой эле тиешелүү Жол картасында […]Читать далее