Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү! Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекетибиздин Баш мыйзамында жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгы аныкталган. Мына ошондуктан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, жаңы “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышты. Мамлекет башчысы базанын инфраструктурасы жана учкучсуз учуучу аппараттардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен таанышты. Садыр Жапаров өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” […]Читать далее
Садыр Жапаров Казакстандын Президентине Караганда областындагы шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда областындагы көмүр кениндеги трагедиядан улам жумушчулары курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. “Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуунун азабы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты. «Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы 1500 орундуу жаңы мечит эскисинин ордуна «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө анын айланасын көрктөндүрүү иштери аяктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын калкынын басымдуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы “Чаар-Кудук” көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты. Өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган. Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпинге КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы Премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. “Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин экс-Премьери Ли Кэцяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ли Кэцян мырза татыктуу өмүр жолун басып өттү жана өзүнүн талыкпаган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан Олимпиадалык резервдин облустук мектебинин капиталдык оңдоо иштеринин көрүп чыкты. Учурда объектини ачууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин 1992-жылдан бери бул жер кесиптик лицей болуп келген. […]Читать далее
Президент: Техниканын доорунда жашап жатканыбыз менен, бабаларыбыздын жакшы иштерин эскерип
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты. Иш-чара Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык концерт жана спектакль менен башталды. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу Жалал-Абад шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары! […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарына жаңы автобустарды жана автоунааларды тапшырды. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт паркы 50 жаңы автобус менен жаңыланды, алар жакын арада линияга чыгат, ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары кызматкерлердин ыкчам жана натыйжалуу иштеши үчүн жаңы унаалар менен толукталды. […]Читать далее