Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы жаңы имарат улуттук коопсуздук органдарынын турмушундагы маанилүү окуя болуп, натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөөрүнө үмүт артарын билдирди. Ал улуттук коопсуздук органдарынын калыптануу тарыхы 1918-жылдан башталганын, ал эми Чүй облусу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкта мындай деп айтылат: “Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти
Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер: — Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев; — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев; — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик […]Читать далее
Бүгүн, 17-декабрда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты. “Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу […]Читать далее
“Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземинде белгиледи. Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы реконструкцияланган “Ысык-Ата” санаторийинин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Ысык-Ата” курорту жети облустагы дары суулардын ичинен ондун бири катары өзгөчө орунду ээлей турганын айтты. “Ысык-Ата” санаторийи Кыргызстанда гана эмес, бүт Борбор Азия чөлкөмүндө ысык булактары менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Канаданын элчиси Кристофер Дагган, Испания Королдугунун элчиси Луис Франсиско Мартинес Монтес, Эстония Республикасынын элчиси Яап Ора, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын элчиси Мохамед Ирки, Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын элчиси Джемаль Бекер Абдула, Чыгыш […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди. Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын […]Читать далее
Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу
Бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, Президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн […]Читать далее