Бишкекте күн мурун кыргыз-иран өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий кеңешмелер өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми ирандык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жетектеди. Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, 2024-жылга карата кийинки пландарын белгилешти. Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Читать далее
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Бишкекке келген Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багерини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Министр Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнюек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегамини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү, анын ичинде саясий, соода жана инвестициялык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана келечегин кылдат карап чыгышты. Министр Кулубаев Кыргызстандын […]Читать далее
Кыргызстан жана Казакстан ТИМ башчылары 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстан жана Казакстан ТИМдеринин ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду. КР ТИМден билдиришкендей, кол коюу аземи Казакстандын ТИМ башчысы Мурат Нуртлеунун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды. Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык […]Читать далее
Бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген министрди “Манас” эл аралык аэропортунда КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алышты. Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун […]Читать далее
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2024-жылдын 21-январынан 27-январына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын
Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында 2024-жылдын 26-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында […]Читать далее
Беларустун кондитердик ишканаларына Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды
Беларустун кондитердик ишканаларына кайра иштетүү үчүн Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды. Мындай сунушту Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев “Белгоспищепром” концернинин төрагасы Олег Жидков менен болгон жолугушууда айтты. Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн рынокторуна айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш өнөр жай продукцияларын өз ара жеткирүү маселелерин кеңири […]Читать далее