Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргыз-Европалык мамилелерди чыңдоо максатын көздөгөн жолугушуу бүгүн, 16-январда өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Бирлиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Министр эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар өз ара кызыкчылыкты эске алган кызматташуунун […]Читать далее
Европа комиссиясынын Вице-президенти Маргаритис Скинас 15-январда Кыргызстанга келет. Бул тууралыы КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жолугушуу пландаштырылууда, анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Европалк мамилелердин маселелерин талкуулашат, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө КР Президенти С.Н. Жапаров жана КР Министрлер […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында 2024-жылдын 12-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, 10-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолушууда укуктук базаны өнүктүрүү […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында анын кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен тар форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобунун 6-жыйынын өткөрүштү. Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жана Биргелешкен топтун отурумунун алкагында тараптар мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордош мамилелердин учурдагы абалын жана […]Читать далее
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап жатып айтты. Анын айтымына караганда, стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын алкагында тараптар Түркия президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан визитин талкуулашты. Министр визиттин так датасын азырынча ачыктаган жок.Читать далее
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку конокту “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды. Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. КМШ Мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу “Павловск” музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер “Царское Село” жана Петергофто болушту. Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын Президенти Владимир Путин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын,күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Тараптар 2023-жыл ичинде, чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап,келерки […]Читать далее