2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында […]Читать далее
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер […]Читать далее
Бүгүн, 3-ноябрда, Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө болгон – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: 1. ТМУнун онунчу Саммитинин декларациясы; 2. Астана актысы; 3. «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы […]Читать далее
2023-жылдын 1-ноябрында Ашхабад шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» 16-Форумга катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө […]Читать далее
2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда төмөндөгү документтер каралды: 1. 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары жөнүндө; 2. Евразия экономикалык биримдиктин иштеши тууралуу Баяндаманын үстүндө иштөөнүн жүрүшү жөнүндө; 3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда […]Читать далее
2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда төмөндөгү документтер каралды: 1. 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары жөнүндө; 2. Евразия экономикалык биримдиктин иштеши тууралуу Баяндаманын үстүндө иштөөнүн жүрүшү жөнүндө; 3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө […]Читать далее
Ар бир интеграциянын кыймылдаткыч күчү катары өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин төрагасы, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди. «Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарында төрагалык кылган 2023-жылы КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциялык кызматташтыгы жаатында бир […]Читать далее
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү. Жыйындын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү. Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда […]Читать далее