Бүгүн “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тестирлөө акциясын уюштурду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты. Шакиев негизги мыйзам чыгаруу органында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Ардактуу мугалимдер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өзгөнүн балдарын өз баласындай көрүп, алардын татыктуу-таалим тарбия алып, мыкты инсан болушу үчүн кызмат кылган агартуучулардын кесиби ары татаал, ары сыймыктуу иш. Андай […]Читать далее
Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык боюнча диалогдун алкагында бир катар жолугушууларды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун Үчүнчү саммитине катышуунун алкагында бир катар чет элдик делегациялар менен жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, Эдил Байсалов Мьянманын вице-премьер-министри Тхан Све, Камбоджанын вице-премьер-министри Ханг Чуоннарон, Непалдын тышкы иштер министри Арзу Рана Деуба, Сингапурдун тышкы иштери боюнча улук мамлекеттик министри, улуттук өнүктүрүү министри Сим […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы ипотекалык турак жай объектилеринин курулушу менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү «Asman residence-1», «Asman residence-8» (Малашева көчөсү № 51 и №61), «Asman residence-9» (Ж. Абдрахманов көчөсү №10), «Asman residence-3» (Жеңи-Жок көчөсү № 4а), «Asman residence-2» (Манас – Р.Азимов көчөлөрүнүн кесилиши) «Asman residence-7» (Достук көчөсү) «Asman residence-10» […]Читать далее
Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында депутаттар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыгынын ишке ашырылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту. Депутаттарга Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып, ГЭСтердеги абал, жылуулук борборлорун жана калкты […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. “Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, президент жана министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кылычбаев Алтынбек Таировичтин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек Алтынбек Кылычбаев №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы депутаты “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын курамына кирди.Читать далее
Алымкадыр Бейшеналиев: Бүгүнкү күндө республикада 5500 медициналык кызматкер жетишпейт
“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу калктын сапаттуу дары каражаттарына жана медициналык лабораториялык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угушту. Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бул маселелер боюнча маалыматты саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Парламенттин билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү […]Читать далее
Нурланбек Шакиев: Эгемендүүлүк алган жылдардагы кыйынчылыктарда Аскар Акаевдин күнөөсү чоң
Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты. Бул тууралуу коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгилеп: “Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, […]Читать далее