Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев космонавттар Салижан Шарипов жана Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Жолугушууда Марлен Маматалиев космонавттардын Космос мейкиндигин изилдөөгө зор салым кошкондугун билдирип, «Биз сиздер менен сыймыктанабыз!»,- деди. Космонавттар Салижан Шарипов жана Сергей Корсаков жылуу кабыл алууга ыраазылык билдирип, ар убак өз мекенине келгенде өзгөчө сезим болорун айтышты. […]Читать далее
Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Тагыраагы, депутаттар менен кызматкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта ар түрдү дарактардын көчөттөрүн отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Төрага Нурланбек Шакиев отургузулган көчөттөрдүн көктөп кетиши үчүн мындан ары да камкордукка алуу керектигин айтып: “Жыл сайын […]Читать далее
Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында “2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Дорбоорду кабыл алууда 81 депутаттын ичинен 61и макул, бир депутат каршы добуш берди. Долбоор КР министрлер кабинетинин абанын сапатын башкаруу тармагындагы мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, […]Читать далее
Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Россия Федерациясынан келген эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн төраганын орун басары […]Читать далее
Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы Жал кичи районунда жайгашкан Сатух Борахан атындагы мечитке барып, жергиликтүү тургундар менен бирге айт намазын окуду.Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Он эки айдын султаны аталган Орозо айы да жыйынтыкталып, бүгүн […]Читать далее
Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Биз тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз окшош, бир тууган элбиз. Айрыкча […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй өнүгүп, жаңы деңгээлге […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.Читать далее
Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетте 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү тууралуу Министрлер
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек […]Читать далее