Жыл башынан бери Россияда иштеген Кыргызстандын мигранттарынын берилбей калган эмгек акысын жана өндүрүштөгү травмасы үчүн кенемтесин алып берүүгө жетишилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ведомствонун кызматкерлери Россияда миграцияда жүргөн 465 кыргызстандыктын 34,9 млн рубль айлык акысын, мындан сырткары, өндүрүш учурунда травма алган […]Читать далее
Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 15-августка жылдырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, өлкө аймагына 25-июнга чейин алынып келген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоо кийинкиге калтырылды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбай турган болду. Жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен министрлер кабинетинин “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун […]Читать далее
Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-жаңы окуу жылына даярдыктар кызуу уланууда. Алсак, райондун акими Жаныбек Орозалиев жана орун басары Чынара Жаныкееванын катышуусунда жаңы окуу жылына карата мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине көз салуу максатында мониторинг өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу 5 орто мектепте жана 8 мектепке […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу жасалчу балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айынын башында өтөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, операция Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда жасалат. Учурда атайын бөлүм даярдалып, тиешелүү жабдуулар сатылып алынды. “Сөөк чучугун алмаштырууга төрт бейтап даярдалып жатат. Операция […]Читать далее
Япониянын Nikken Sekkei архитектуралык компаниясынын адистери Бишкек шаарынын башкы планын талдоо боюнча ишти улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун жетекчилиги астында “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча онлайн талкуу уланды. Жыйынга ишкананын бөлүм башчылары да активдүү катышып, […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында Маликов көчөсү, 91 дарегинде курулуп жаткан “Мурас” ипотекалык турак жай комплексинин курулушунун жүрүшүнөн кабар алды. “Кыргызстройсервис” мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов билдиргендей, аталган турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет. Анын айтымында, быйыл бериле турган батирлердин ички ремонт иштери жүрүп жатат. “Мурас” […]Читать далее
Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформанын жүрүшүн талкуулаган тегерек столдо билдирди. Иш-чарага саясат таануучулар, эксперттер жана агенттиктин жооптуу кызматкерлери катышты. Талкуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев маалымдагандай, жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжасында республикадагы 452 айыл […]Читать далее
Күн мурун Япониянын Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ардактуу консулдукту Мичинори Йотсухаши жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Эркинбек Осоев кеңсенин ачылышы менен Мичинори Йотсухащини куттуктап, консулдук патентти […]Читать далее
Кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдан биринчи жарымындагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды. Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен бирөөсү кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. “Бир […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга өзгөчө […]Читать далее