Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израиль Мамлекетине жана Ливан Республикасына баруудан алыс болууну сунуштайт. Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт. Ошону менен бирге ТИМ белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин […]Читать далее
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган […]Читать далее
Мамкурулуш агенттигинин директоруну орун басары Талант Иманакун уулу Сауд өнүктүрүү фондунун фонддун өкүлдөрүнө Кыргызстандын билим берүү объекттеринин курулушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан биринчи этап боюнча 30 млн доллар каражат бөлүнүп, 28 мамлекеттик мектеп жана 2 бала бакча курулган. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө алдыда экинчи […]Читать далее
Жыл башынан бери Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жалпы көлөмү 741,8 сомдон ашык зыян аныкталып, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 3 772 укук бузуулар жана кылмыштар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, укук бузуулар боюнча ачылган 3 520 иштердин жыйынтыгы менен 26,4 […]Читать далее
1-августтан баштап Бишкек— Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагон киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, вагондун ичинде 6 купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео системалар бар. Ошондой эле абаны […]Читать далее
Кыргызстанда ички каттамдар боюнча жаңы учактар жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, болжол менен алар 28-сентябрдан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. “Биз буга чейин эки учак сатып алганбыз. Алар май айында келмек. Жаңы учактарга Кыргызстан тоолуу регион болгон үчүн […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы аэропортту куруу үчүн 300 гектар жер бөлүнүп берилди. “Эл аралык аэропортту курууга уруксат берилди. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Эмки жылы жаңы аэропорттун курулушу башталат. Азыркы аба майдан шаар ичинде болгондуктан аймагын кеңейтүүгө мүмкүн болбойт. […]Читать далее
Жыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кызматтык иликтөөнүн негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан 21 бажы кызматкерине “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын сезиги тергөөнүн жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. “2020-жылы – үч, […]Читать далее
Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланды. Жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келмей болду. “АКШ элчилиги Бишкектен АКШнын ири шаарларынын ичинен Нью-Йоркко же Чикагого түз авикаттамдарды […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго чукул таза киреше тапты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпы киреше 5 млрд 349 млн сомду түздү. “Жалпы кирешеден сырткары 2 млрд 864 млн сом таза киреше болду. 2022-жыл 5 млрд сом, […]Читать далее