Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карыздары жана маанилүү билдирүүлөр тууралуу ыкчам жана ыңгайлуу маалымат берүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууну жөнгө салууда. Ведомстводон билдиришкендей, мындай кызматташуу жеке жана юридикалык жактардын салыктык карыздарынын абалы, ошондой эле салыктык башкаруу процессинде салык органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Салык төлөөчүлөргө маалымат жөнөтүү жол-жобосунун […]Читать далее
Кыргызстанда ар кыл себептер менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштыруусу керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүргөн жарандар дагы 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп ала алат. Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул төлөбөйт. […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Каныбек Туманбаев президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганга чейин бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок президент Садыр Жапаров ишеним артып, колдоо көрсөткөн соң аталган мекеме чыныгы мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Балдардын статистикасы” жаңы интерактивдүү порталын расмий түрдө ишке киргизди. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай өткөрүлгөн бул иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык […]Читать далее
Ош облусунун Араван районунун Араван айылынын Ленин көчөсү 10 дарегинде жайгашкан, аянты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтомун […]Читать далее
Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 6-июнь иш күнү эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексине ылайык, Курман Айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн катары таанылган. Быйыл бул майрам 6-июнь жума күнүнө туш келип, буга байланыштуу бул дата өлкө боюнча расмий […]Читать далее
Бухгалтерлердин отчетторунун баары санариптештирилет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Анын айтымында, Финансы министрлигине кагаз түрүндө бухгалтердик отчет берүүдөн таптакыр баш тартуу сунушталууда. Эми бардык зарыл болгон финансылык документтер электрондук түрдө гана түзүлөт. “Бул убакытты, ресурстарды үнөмдөйт жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн да, республикалык структуралар үчүн да процесстерди жөнөкөйлөтөт. Азыр кагаз […]Читать далее
Бишкек шаардык мэриясы тургундардын үйлөрүнө ысык суу берүү мөөнөтүн жарыялады. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, системаны толтуруу 31-майда, ал эми жылуулук тармактарына ысык суу берүү 2025-жылдын 1-июнунда башталат. Жылуулук электр борборундагы учурдагы абал: Кадимки режимде 2 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат иштеп жатат; 12 от казан агрегаты жана 2 турбогенератор оңдоодон өтүп жатат; Орточо өндүрүлгөн кубаттуулук 51 […]Читать далее
Кыргызстандагы чет өлкөлүктөр 10-июнга чейин жүрүүсүн айыпсыз мыйзамдаштыра алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Мыйзамдаштыруу укугун ким пайдалана алат? Миграция мыйзамдарын бузган бардык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, анын ичинде: мөөнөтү бүткөн виза же туруктуу жашоого уруксаты менен; мыйзамдуу болгондугун тастыктаган документтери жок; кирүү же транзит эрежелерин бузгандар. Мыйзамдаштыруу […]Читать далее
Мамлекеттик органдардын жүгүн жеңилдетүү максатында негизсиз отчеттор кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, аталган иш-аракеттер ведомстволор аралык коммиссиянын чечиминин негизинде расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу, респонденттерге административдик жүктү азайтуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүүлүдө. “Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй эле, кайталанма окшош отчеттор кайра-кайра бериле […]Читать далее