Текстиль жана тигүү тармагында ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, жаңы тартипке ылайык, 20-сентябрга чейин аталган тармактагы жеке ишкерлер жалданма жумушчулары үчүн киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча STI–161 формасы менен ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү. Мындан тышкары, алар “Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери” […]Читать далее
2025-жылдын 31-августунда өлкөнүн башкы Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган чоң майрамдык концерт өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Сахнада чыгармачыл жамааттар жана белгилүү аткаруучулар: Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Бек Исраилов, Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Арсен, Jax, Фриман, […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандардын жашоосун жеңилдеткен санариптик кызматтарды сунуштады. Ведомствонун маалыматы боюнча, “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна 350 катышуучу — мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар интеграцияланган. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миллиарддан ашык маалымат алмашуу ишке ашкан. Ошондой эле “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 179 кызмат […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө аймагында 11 энергетикалык обьект ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, бул обьектилер министрлер кабинети тарабынан ишке берилген 100 обьектинин катарын толуктады. Анын ичинен: 4 чакан ГЭС: Аксы ГЭСи – 4,75 МВт. Аксы районун, Кызыл-Көл айылында жайгашкан; Ысык-Ата-2 ГЭСи- 4 МВт. Ысык-Ата районунда жайгашкан; Боз-Учук ГЭСи – 5,5 МВт. […]Читать далее
Күзгү оруп-жыйноо иштери сапаттуу жана өз убагында аякташы керек. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев онлайн-форматында Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен күзгү оруп жыйноо маселелери боюнча онлайн форматында жыйын өткөрдү. Жыйынга катышкан республиканын […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түстөрүндө жарыктандырылат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Канада жана Америка Кошмо Штаттары тараптан көрсө болот. Канадада жашаган кыргызстандыктар үчүн жолугушуу, гимндин аткарылышы, “Кара-Жорго” флешмобу, ошондой эле комузда музыкалык номер тартуулануусу пландалууда. Жолугушуу жери – Table Rock […]Читать далее
2025–2026-окуу жылынын башталышына байланыштуу Бишкек шаарында коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине жана “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасына төмөнкү тапшырмалар берилди: коомдук транспорттун туруктуу ишин камсыз кылуу жана каттамдардын белгиленген аралыгын так сактоо; билим берүү мекемелерине […]Читать далее
Бишкек шаарында муниципалдык жерлер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун курамына кирген Садовое жана Аламүдүн айылдарынын аймагында жайгашкан айрым муниципалдык жер участоктору жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактылары аныкталды. Алсак, […]Читать далее
Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында үйлөрүн экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинен билдиришкендей, каржылоо коммерциялык банктар аркылуу жылуулук насосторун, электр казандарын жана күндүн энергиясы менен суу жылытуу системаларын орнотууга берилет. Тургундар үйлөрүн модернизациялоо […]Читать далее
“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасындагы басылып жаткан 9-класстын окуу китептери жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнүн аталган басмаканага болгон пресс-турунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, учурда басмаканада 3, 4, 5, 6,7, 8, 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иши аяктап калды. Окуу китептеринин жалпы нускасы 1,9 миллиондон ашат. 3, 4, 5, […]Читать далее