Билим берүү жана илим министрлигинде балдарга карата укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча онлайн семинар өттү. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Семинарга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн, 19-июлда, ЕККУнун конфликттердин алдын алуу борборунун директору жана ЕККУнун Катчылыгынын башчысынын орун басары Туула Юрьёля менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕККУнун алкагындагы регионалдык кызматташтык жана коопсуздук маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУ чөлкөмдөгү мүмкүн болуучу чыр-чатактарды алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө […]Читать далее
Калыстар тобу “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгууга ачык сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ачык сынактын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда жалпы 14 долбоор келип түшкөн. Калыстар тобу добуш берүүнү үч баллдык баалоо тутуму боюнча өткөрүү чечимин кабыл алып, баллдарды эсептөө үчүн бир добуштан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө […]Читать далее
Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы мектептин жана №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Алгач Жетыбаев №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Эске салсак, 375 окуучулук орунга эсептелген объекттин сметалык наркы 917 миң […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында зордук-зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. Өлкө Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобого ылайык бул ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Жыйынга бир катар депутаттар, […]Читать далее
Кыргызстан бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кумшекер жана май сыяктуу азыктарды экспорттоого тыюу салынган. Жаныбеков белгилегендей, тыюу салууну ушул жылдын аягына чейин узартуу пландалууда. «Ал эми кумшекер маселесине токтолсок, экспортко тыюу салынган. Шекерге […]Читать далее
Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү “Ак-Буура” кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, жалын саат 11:45те толук өчүрүлгөн. “Тилсиз жоонун аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок”, – деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
Кыргызстанда 369 таштанды таштоочу жай бар. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн инвентаризацияга ылайык, республика боюнча 369 таштанды таштоочу жайы бар, алар негизинен айыл чарба жерлеринде (506 га) жана калктуу конуштарда (79 га) жайгашкан. Таштанды жайлары ээлеген жалпы жер аянты […]Читать далее
Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектр» ААКнын башкы директору болуп Нурлан Сатыбалдиев дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. Жаңы башчыны компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Нурлан Сатыбалдиев 2021-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Түндүк электр» ААКнын Талас филиалынын аткаруучу директору болуп эмгектенген.Читать далее
Кыргызстандын калкынын иш менен камсыздуулук деңгээли көбөйүп, жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат. 2021-жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуздар. […]Читать далее