Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен энергетика жаатында кызматташат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизги максаты – Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган. Суусамыр-Көкөмерен ГЭС […]Читать далее
Кыргызстанда 6 шамал жана 9 күн станциялары курулат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башчыларынын жана жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда өтүп жаткан жыйында отчет берип жатып билдирди. Анын айтымына караганда, бул объектилердин курулушунун аркасында электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу жылына 16,4 млрд кВт саатка чейин өсөт.Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамоновдун 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө “Машина белек кылган учурда түшкөн сүрөтү. 6-октябрь, 2020-жыл” деп жазылган. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында Сапар Исаковго колдоо көрсөтүп […]Читать далее
Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Бишкекте 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өттү. Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу […]Читать далее
Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес. Инспекторлор тарабынан тиешелүү […]Читать далее
Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу “Кыргызтелекомдун” басма сөз кызматынан билдиришти. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады. “Бүгүнкү күндө “Кыргызтелеком” […]Читать далее
Кыргызстанда 2021-2023-жылдары бала бакчалардын жалпы саны 186га көбөйүп, 1 миң 834кө жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, типтүү бала бакчаларга балдарды камтуу 199 миңден 220 миңге жетти. 2021-жыл – 1 648 бала бакча иштесе, 2022-жыл – 1 712 бала бакча, 2023-жыл – 1 834 бала бакча болду. Балдарды типтүү бала бакчалар менен […]Читать далее
Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Ош шаарында Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул Ош шаарында […]Читать далее
“Ош терминал” фитосанитардык текшерүү постунда Ирандан ташылып келе жаткан анардын партиясынан комсток курту (рseudococcus comstocki (kuwana) карантиндик зыяндуу организми аныкталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ташылып келе жаткан товардын салмагы 21,630 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 18 тонна кивиден тыт калканчасы (рseudaulacaspis pentagona (тargioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организми табылып, аталган организмдер […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту 2023-жылы биринчи жолу өз каражатына сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак жакында Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу “МЭА” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Учактарды учурда Канаданын Калгари шаарында жайгашкан De Havilland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы модернизациядан өткөрүүдө. Алардын сырткы көрүнүшү кыргызстандык компаниянын брендине ылайыкташтырылууда. “Анткени учактарды өзүбүздүн брендге тууралап жасалгалоо маркетингдик стратегиянын […]Читать далее