Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү экзаменсиз өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга 2025-жылы 14-апрелде кол коюлган. Эми БАЭде мыйзамдуу жашаган Кыргызстандын жарандары кошумча окуудан жана сынактан өтпөстөн, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн БАЭ лицензияларына алмаштыра алышат. Ушундай […]Читать далее
Жыл башынан бери Россиянын “кара” тизмесинен 4 миң кыргыз жаран чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дагы 36 миң кыргызстандык жаран дактилоскопиядан өтүп, “кара” тизмеге кирбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бирок, эгерде алар медициналык кароодон өтпөсө же банктык карыздары болсо, “кара” […]Читать далее
Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн төлөнгөн компенсациялар үч эсеге көбөйүп, 39 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматы тарабынан текшерүүлөрдүн жана мыйзам бузуу учурларынын саны кыйла өскөнү байкалууда. 2025-жылдын январь-март айларында 301 текшерүү жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу […]Читать далее
Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө арналган туристтик форум өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумга Жогорку Кеңештин төраганын орун басары Нурланбек Азигалиев жетектеген КР делегациясы, элчи Дүйшөнкул Чотонов, Самаркандда иш алып барган Кыргызстандын туристтик тармагындагы өкүлдөрү, ошондой эле өзбекстандык туроператорлор жана ишкерлер катышты. Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун […]Читать далее
Учурда республиканын көпчүлүк аймактарында жазгы талаа жумуштары активдүү жүрүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы 562,1 миң гектар, башкача айтканда жалпы структуранын 80,6 пайыз аянтында айдоо жана себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде буудай – 97,4 миң га себилип, жалпы пландын 94,7 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине […]Читать далее
Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген 751,2 чарчы метр аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы болгондугун аныктаган. Такталгандай, 1988-жылы аталган мектептин имаратынын базасында Кошумча компьютердик кабинеттер – СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун муктаждыктары үчүн 11 […]Читать далее
Аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министрликтин аскердик бөлүктөрүнүн биринде 2025-жылдын февраль айында уставдык тартиптердин жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө […]Читать далее
Бишкектеги Панфилов паркынын аймагына жакын жердеги «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча […]Читать далее
Кыргызстанга импорттолуп жаткан жашылча-жемиштердин ар бир партиясы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан бекитилген тартипке ылайык, көп баскычтуу фитосанитардык көзөмөл жана лабораториялык анализдерден өткөрүлүүдө. Бул чаралар өлкө аймагына карантиндик зыянкечтердин жана уулуу заттардын кирүүсүнүн алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт. Импорттук продукциялар төмөнкү тартип боюнча текшерилет: 1. Документтик көзөмөл: Жүктүн коштомо […]Читать далее
Россия чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кол койгон жарлыкта айтылат. Маалыматта айтылгандай, Россиянын өкмөтү медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Жарлыкка ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө оорулар, кырсыктар, жаракаттар, уулануулар жана […]Читать далее