Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугушуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин укту. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Ардагерлер төмөнкү багыттагы сунуштарды карап көрүүнү өтүндү. Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, […]Читать далее
Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү. 1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын “Резерв” Республикалык мамлекеттик ишканасынын “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн. […]Читать далее
Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды. Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу […]Читать далее
“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн еврого перинаталдык борбор курулган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылы “Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында Германия өнүктүрүү банкынын 12,5 млн евро гранттык каражаттарынын эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылган. Борбор патологиясы бар кош бойлуу […]Читать далее
Темир жол объекттериндеги эскирген ысытуу лампаларын заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруу электр энергиясын жылына 2 миллион сомго жакын үнөмдөөгө алып келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин басма сөз кызматы маалымдады. «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк-багажды ташуу болуп саналат. Жол кыймылынын жана ташылган жүктөрдүн коопсуздугун сапаттуу камсыздоо, адамдардын […]Читать далее
2023-жылы 6,5 млн еврого кургак учукка каршы оорукана ачылган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылы Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен “Кургак учук менен күрөшүү программасы-V” долбоорунун алкагында 6,5 миллион евро гранттык каражаттардын эсебинен Бишкек шаарында жаңы жабдуулар менен жабдылган кургак учукка каршы оорукана ачылган. Учурда оорукана 128 койка-орунга ылайыкташып, кургак учуктун […]Читать далее
Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы банктык-финансы жана салык тармактарында кызматташтыктын келечеги
2024-жылдын 4-мартында Элчиликтин демилгеси менен Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Ыйгарым укуктуу министри, Экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады. Ошону менен бирге, италиялык тарапты салык […]Читать далее
Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-мартта таравих намазы окула баштайт. Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.Читать далее
“Кыргызтелеком” ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштардын жүргүзүлүүсүнө байланыштуу эртең, 6-мартта саат 9.00дөн 14.00гө чейин “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана […]Читать далее
Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана […]Читать далее