“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган долбоордун негизги максаты – жеткиликтүү жеңилдетилген насыялык каражат берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана башка материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жеңилдетилген […]Читать далее
Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Соода үйү 14–17-майда өтүп жаткан Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025″ эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды. Форумга Экономика министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда. […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү Chevrolet Cobalt […]Читать далее
Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунда дүйнөдөгү эң бийик чокуну — 8 848 метр бийиктиктеги Эверестти багынткан алгачкы кыргызстандык аял, көрүнүктүү альпинист Асел Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти. Маалыматта айтылганда, бул тарыхый жетишкендик Асел Байбагышева үчүн эле эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң сыймык болуп, кайраттуулуктун жана эрктин символуна айланды. […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүү менен алектенген 22 субъект расмий түрдө питомник макамын алган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул бак-дарак өстүрүү багытын туруктуу өнүктүрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Адистештирилген көчөтканалар өлкөнүн бардык аймактарында […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум уулоо (нерест) сезону аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу Балык чарба комплекси департаменти 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдады. Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды төмөнкү […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун аскер кызматкерлерине мыйзамдын негизинде жоопкерчилик чараларын көрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жоокерлерге кысым көрсөтүү иштерине коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлдү. Натыйжада өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбагандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн: – 86123 аскердик бөлүк – Куткаруучуларды […]Читать далее
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы көчөлөрдүн 11 бөлүгүндөгү жолдорду жана тротуарларды активдүү оңдоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында 4 көчө тилкесинде оңдоо иштери жүрүп жатат. Алсак, Республика көчөсүндө Чоң Чүй каналынан Березовая көчөсүнө чейин топуракты иштетүү, ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Исанов көчөсү Щербаков көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейин топурак […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Душанбе шаарында Борбор Азиядан Түштүк Азияга CASA-1000 электр энергиясын берүү долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Ведомстводон маалымдашканда, жыйынга Кыргызстан, Таджикстан, Афганистан жана Пакитан өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жана энергокомпаниялардын тийиштүү жетекчилери катышып, CASA-1000 долбоору боюнча банктын эсебин бекитүү, техникалык Кодекс жана башка бир катар маселелер каралды. Отурумдун жүрүшүндө Таалайбек Ибраев CASA-1000 […]Читать далее
Кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар күчөтүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жаңы буйругуна ылайык: коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды; курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды; бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, […]Читать далее