“Асман” авиакомпаниясы “Компас Тур” туроператору менен биргеликте 23-июндан тарта Алматыдан Тамчыга (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) жаңы түз каттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады. Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Жаңы маршруттун артыкчылыктары: – Ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт. – Жумасына эки […]Читать далее
Токмокто жайгашкан “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар. “Бул маселени чечүү […]Читать далее
Кыргызстанда 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жүрүүсү убактылуу чектелет. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, мындай чара салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатын көздөйт. Мында максималдуу жалпы массасы 18 […]Читать далее
Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, шаардын борборунда жайгашкан эки кабаттуу имаратты менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталып, бул факт боюнча Профсоюздар федерациясынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө туризм тармагынын кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо жана профсоюздук колдоо үчүн имарат Профсоюздар федерациясынын “Кыргызтуризм” башкармалыгына өткөрүлүп берилгени […]Читать далее
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, штаб министрликтин тармактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлүп, экспорттук продукцияны чыгарууда келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана экспорттоочуларга практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропортунун IATA коду өзгөртүлөт. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 9-августунан тартып “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн үч тамгадан турган IATA кодун FRU кодунан жаңы BSZ кодуна расмий түрдө алмаштырат. Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган. Кодду өзгөртүү чечими 2025-жылдын […]Читать далее
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармак аркылуу Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөсүндөгү имараттардын буздурулуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Ал аталган даректе имараттардын буздурулушун көрсөткөн видео соцтармакта ар кандай жоромолдонуп жатканына байланыштуу тактык киргизүүнү туура көргөнүн белгилеген. “Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзамдын алкагында президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга […]Читать далее
Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эльдар Сулайманов катышты.Читать далее
17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаардын инфраструктурасына зыян келтирилди. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыкта бак-дарактар, имараттардын чатырлары жана токтоп турган унаалар жабыркаган. Жалпысынан шаар боюнча 23 бак кулап, 49 бак жабыркаган. Ошондой эле турак жайлардын жана коммерциялык имараттардын чатырлары жабыркап, кулаган бутактардан жана таштандылардан улам унаалардын сырттары чийилип, айнектери сынган учурлар […]Читать далее
Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, 17-майдан 18-майга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен мамлекеттик тууга зыян келтирилген. Ала-Тоо аянтындагы желек 30 мүнөттүн ичинде ыкчам алмаштырылган. Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, түнкүсүн Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон […]Читать далее