Эл картошкасын сата албай, жер төлөдө чирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун расмий маалыматына таянсак, 2023-жылы өлкөдөн жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттолгон. Алар негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине жөнөтүлгөн. Картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет. Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды. Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн. Электрондук аукционго катышуу […]Читать далее
2-апрелде саат 20:37де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында, атап айтканда Таш-Короо айылынан түштүк чыгышка карай 25 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 105 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнгүн күчү сезилген эмес.Читать далее
Күн мурун Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам жаракат алган 17 жаштагы И.А.Б. аттуу КР жаранынын абалынан кабар алышты. КР ТИМдин маалыматына караганда, жабыркаган жаран жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда. Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Бишкекте өзгөчө кырдаал режими шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкекте болуп өткөн бороон-чапкындан улам калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Бүгүн муниципалитетте мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү. Күн тартибинде 2024-жылдын 28-мартында катуу шамалдан […]Читать далее
Бишкек шаарынынын Арча-Бешик конушунда №19 бала бакчанын ачылышы болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Мекеменин долбоордук кубаттуулугу 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна эми 464 бала кабыл алынат. Имарат эки кабаттуу, бардык көмөкчү жайлары бар: уктоочу, оюн, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт жана техникалык бөлмөлөр. Бала […]Читать далее
10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсү – 7 – Апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси – Манас проспектиси менен чектелген аймакта бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Шаардын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этабын 10-апрелден тарта баштоо пландаштырылууда. Биринчи этапта […]Читать далее
Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды чыгаруучу Sky Tunuk заводу ишке кирди. Завод Кыргызстандагы биринчи лифттерди чыгаруучу Sky Elevators заводунун базасында ачылды. Жаңы завод – алдыңкы кореялык технологияларды колдонуу менен саркынды сууларды тазалоо чөйрөсүндө инновациялык жабдууларды өндүрүү жана орнотуу үчүн кубаттуу заманбап борбор болуп саналат. Завод өзүнө биологиялык тазалоочу станциялар, канализациялык насостук станциялар, темир-бетон […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Малайзиянын жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, анда эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Тараптар кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасын, анын ичинде билим берүү тармагында жыл сайын чыңдалып, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди активдештирүүгө […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Цинмин – маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.Читать далее