Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Малайзиянын жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту.

 

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, анда эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусу талкууланды.

 

Тараптар кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасын, анын ичинде билим берүү тармагында жыл сайын чыңдалып, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди активдештирүүгө өзүнүн иш жүзүндөгү салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгилешти.

 

Малайзиянын түштүк-чыгыш чөлкөмүндөгү билим берүү тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен тараптар билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн алдыңкы стандарттары менен алмашуу, ошондой эле малайзиялык ЖОЖдордо Кыргызстандан келген студенттердин санын көбөйтүүнү макулдашышты.

 

Министр Жээнбек Кулубаев малайзиялык тарапка Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үчүн Малайзиянын техникалык кызматташтык программасынын алкагында кыска мөөнөттүү курстарды кайра жанданткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул дагы мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү семинарларын уюштуруу, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, ошондой эле билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Связанный пост