Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде уюштурулду. Министр өз сөзүндө Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон конструктивдүү жана жемиштүү кызматташуу министрлик […]Читать далее
Жалпысынан республиканын аймагында коомдук жайларды көзөмөлдөөчү 3 миңден ашык видеобайкоо камералары бар. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Батырбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунан баштап, Баткен облусунун Лейлек районуна чейин коомдук жайларда орнотулган видео байкоо камералар Кырдаалдык борборлорго кошулуп, күнү-түнү көзөмөлдөнүп турат. Ал эми ИИМдин […]Читать далее
Бишкек шаарында жер мунапысын бүтүрүү боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында айтылганын калаа мэриясынан билдиришти. Жыйын “Бишкек жылуулук электр борборунун” аймагында өтүп, анда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Мыйзамсыз жер пайдаланууларды мыйзамдаштыруу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында конкреттүү чаралар көрүлүүдө. Мэрдин орун басары Азамат Кадыров айрым жетишкендиктерди […]Читать далее
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти. Сот аткаруучулар кызматынын негизги багыты – аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздаган мамлекеттик орган катары иш алып баруу болуп саналат. Кызмат учурда коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам жана так маалымат жеткирүү, ошондой эле жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу максатында расмий маалыматтык ресурстарынын […]Читать далее
Бүгүн УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, Чек ара кызматынын өздүк курамы жана ардагерлери катышты. Капсула коюу аземи жаңы комплекстин курулуш иштеринин башаты болуп, ал Чек ара кызматынын инфраструктурасын жакшыртууда жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү объект болмокчу. […]Читать далее
Кечээ, 8-октябрда болжол менен саат 14:40 чамасында Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды подъездге таштап кетишкен. Жалал-Абад облустук милициядан билдиришкендей, Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкеринен чалуу келип түшкөн. Анда Манас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде жаңы төрөлгөн ымыркай ташталганы калгандыгы тууралуу кабар берилген. Окуя каттоого алынып, Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, наристени […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана бул багытта коомдук жоопкерчиликти жогорулатуу маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министрдин орун басары Айнура Орозбаева балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу — бул мамлекеттин, коомдун жана ар бир үй-бүлөнүн биргелешкен жоопкерчилиги экенин белгиледи. “Зомбулуктун алдын алуу — […]Читать далее
Быйыл 9 ай ичинде республиканын аймагында 10 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди. Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 16 адам каза болду. Келтирилген материалдык чыгым 45 млн 580 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине өзгөчө кырдаалдардын саны 92,25%, ал эми материалдык чыгым 96%га азайган. “Ал […]Читать далее
Кыргызстанда малдын 30дан ашык ылаңына эл аралык стандартка ылайык так диагноз коюлат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин 12 ветеринардык лабораториясы эл аралык стандарттарга шайкеш келгени үчүн аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, […]Читать далее
Бишкек шаарында 2024-жылы 21,7 чакырым узундукта жолдорду оңдосок, бул жылы 120 чакырымга чейин жетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында тротуарлар жана шаардагы райондордун ички жолдору эсепке алынган эмес. “Азыр бизде эң көп суроо-талаптардын баары жол маселеси боюнча болууда. Жолдорубузду жасап бергиле деп кайрылган жарандардын саны […]Читать далее