Соңку эки жыл ичинде өлкөдө бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптималдаштыруу менен кошумча орундар түзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылы уктоочу жайларды натыйжалуу колдонуунун аркасында 900дөн ашык кошумча тайпа ачылып, 26 миң 220 бала кабыл алынды. 2025-жылдын ушул күнүнө чейин дагы 9 миңден ашык бала бакчага жайгаштырылды. Бул иш кийинки жылы да улантылып, […]Читать далее
3 пайыздык жеңилдетилген насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алып келинүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үрөндөр кийинки жылдары көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге таратыла баштайт. Мындан тышкары, үрөндү сыноо жана адаптациялоо иштери тиешелүү агрохимиялык жана лабораториялык […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына АКШда иммиграциялык көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн эскерткен билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча, АКШнын федералдык иммиграциялык органдары ири шаарларда чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Кыргызстандын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Жарандардан кайрылуулар түшкөн […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды. “27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында 898миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эреже бузуулар төмөнкү эреже бузууларга таандык: -мас абалында унаа башкарган 12 448 айдоочу; -ылдамдыкты ашырып айдаган 135миң 141 айдоочу; -терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 6185 айдоочу; -тийиштүү документтери жок унаа башкарган […]Читать далее
Бүгүн Россияда “Нелегал 2025” федералдык комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциясынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. Эске сала кетсек, “Нелегал” операциясы Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан жыл сайын эки этапта Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ), Росфинмониторинг жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте өткөрүлөт. Негизги максат – […]Читать далее
Өлүм жазасыбоюнча Президенттин администрациясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга койду
Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат. Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми […]Читать далее
Кыргызстан Афганистандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасынын жана министрлер кабинетинин чечиминин алкагында Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында Эмгек министрлиги тарабынан гуманитардык экспедиция уюштурулду. Экспедиция ийгиликтүү жеткирилип, Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, ал борбордун химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү жана вирусология бөлүмдөрүн көрүп чыкты. Айрыкча мал чарбачылык продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, аны экспортко чыгаруу маселелерине […]Читать далее
Акыркы 4 жылдан бери Чек ара кызматына 250дөн ашык имараттар курулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун Чек ара кызматынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди. Ташиевдин айтымында, анын арасында чек ара заставалары, бала бакчалар, посттор жана башкалар бар. “Эми штаб-квартирасы курулса Чек ара кызматынын бардык имараттары жаңыланат. Президент Садыр Жапаровдун […]Читать далее