Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, гумжардам “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунун атынан Алматы шаарынан келди. “Негизинен жардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар. Фонддун жетекчиси Перизат Кайрат”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Кыргызстанда телефон шылуундары жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, телефон шылуундары жарандардын ишеничине кирип, акча каражаттарын алышкандыгы аныкталган. “Январь айында “жакыныңыз […]Читать далее
Кемин районунда жайгашкан 1 млрд 782 млн сомдук кенди мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын турмуштун ар кайсыл чөйрөлөрүндө камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет. Алсак, колдо болгон материалдардын алкагында Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, №50 инвестициялык номерлүү 196 гектар аянттагы […]Читать далее
Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. “Мен өзүмдүн, банктар союзунун жана банктардын атынан селден жабыркагандарга жана жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өлкөнүн банк секторунун атынан Ош облусуна жардам жөнөтүлгөнү жатат. Ошондой эле биз кеңешип, жарандардын кредиттик […]Читать далее
Өткөн жылдын март айынан тарта Кыргызстандын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери мекендеш макамын алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бул “Мекен-карт” документи Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүнү жана калууну, билим берүү жана медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана […]Читать далее
Борбор калаада мэр Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги астында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өттү. Мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын аймактык системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын коркунуч жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын талкууладык. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, тактап айтканда Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада […]Читать далее
Ошто сел каптаган 800дөн ашуун турак үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга турак жайларын селден келип чыккан ылай жана таштандылардан тазалоого жардам беришти. Белгилей кетсек, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел суулары Ош облусунун Кара-Суурайонунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы жалпы 800дөн ашык турак үйгө, […]Читать далее
Өлкөнүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, бир нече маалымат сайттары президент Садыр Жапаровдун жана минкаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты. Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “жеке ассистент” кызматы 2019-жылдан баштап туруктуу бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон, майыптыгы бар балдарга көрсөтүлөт. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын 1-июнунан тартып […]Читать далее
Мыйзамсыз аңчылыкка салына турган айыптын өлчөмү көбөйтүлдү. Ошондой эле браконьер тууралуу маалымат берген адам өндүрүлгөн сумманын 50%ын алат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, жан-жаныбарларды коргоо максатында министрлер кабинети токтомго толуктоолорду киргизди. Анда атууга тыюу салынган жан-жаныбарларга аңчылык кылгандарга айыптын өлчөмү көбөйтүлдү. “Мисалы, ак илбирсти аткандарга […]Читать далее