Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн – 152,4 миң га, башкача айтканда, 94,7 % жыйналды. Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү – 29,2 ц/га […]Читать далее
Ош облусундагы селден жабыркагандар насыяларын реструктуризациялоо үчүн банктарга кайрыла алышат. Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришкендей, селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында Улуттук банк колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын алкагында коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары кредитти төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен кредитти реструктуризациялоого жана колдонуудагы кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу. […]Читать далее
6 айда Кыргызстанга айыл чарба товарларын импорттоодо 52 мыйзам бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, аталган фактылар боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын инспекторлору тарабынан артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде: Казахстанга – 39, Өзбекстанга – 8 жана Россия Федерациясына – 5 […]Читать далее
Кыргызстанда эки жылда 2,3 миңден ашуун адам “Cанариптик көчмөн” макамын алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, “Санариптик көчмөн” макамын ыйгаруу долбоору 2022-жылдын сентябрь айынан тарта башталган. Көчмөн статусун Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдова, АКШ, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Германия, […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы боюнча кылмыш иши козголгон “Айчүрөк” борбордук универмагтын ээси Анвар Маметовдун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын ири ишкерлеринин бири – Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик номерлердин баасы 40%га арзандады. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 18-июлунан тартып мамлекеттик номерлердин комплектисин берүү баасы 1016 сомду түздү, бул мурунку баадан 40%га арзан, мурда номерлердин баасы 1720 сом, ал эми дипломатиялык номерлер 2666 сом болгон. Мындай арзандатуу […]Читать далее
Ушул жылдын 1-июлуна карата 70 849 бала “балага сүйүнчү”бир жолку төлөмүн алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнүн өлчөмү ар бир бала үчүн 4000 сомду жана үч эм же андан көп төрөлгөндө учурда ар бир бала үчүн 50 000 сомду түзөт. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин токтому менен курулуш тармагын лицензиялоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, токтомдо талап кылынган документтердин санын кыскартуу менен лицензия берүү процессин оптималдаштыруу жана аны ыңгайлаштыруу каралган. Ошентип, талап кылынган 23 документтин саны 8ге кыскартылды. “Бул чаралар ишкерлер жана бизнес коомчулугу үчүн […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 22 миң 300дү түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2025-жылдан баштап президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуудан өтүшөт. “22 […]Читать далее
2024-жылдын 1-июлуна карата жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 81,5 миң адамды түздү. Улуттук статистикалык комитеттин материалында маалымдалгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га аз, анын ичинен жумушсуз катары катталгандардын саны – 58,2 миң адам, же 22,2%га аз. Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 45,2%ын аялдар түзөт. Ал эми […]Читать далее