Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында эл аралык донорлор Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү системасын таңуулап жатат деген кептерди төгүндөдү. Министр бул маалыматтар чындыкка дал келбей тургандаган баса белгиледи. “Андай эч нерсе жок. Кыргызстандын билим берүү эгемендиги бар жана бизге эч ким өз оюн таңуулай албайт. […]Читать далее
Баланын эрте өнүгүүсүн комплекстүү өлчөө инструменти 2024-жылдын башында апробациядан өткөрүлүп, ага Кыргызстандагы 368 бала бакча катышты. Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, тарбиячылар үчүн онлайн жыйындар уюштурулуп, анкетаны толтуруу боюнча кыскача нускама берилди. Апробация анкетадагы суроолордун негиздүүлүгүн текшерүү үчүн өткөрүлдү. 368 бакчанын тарбиячылары 4 жаштан 6 жашка чейинки 736 бала үчүн анкета толтурушту (ар бир […]Читать далее
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине этабы менен өтмөй болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маалым болду. Отурумдун күн тартибине 10дон ашык маселе киргизилген. Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» […]Читать далее
Бүгүн, 13-мартта, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир менен жолугушту. Жолугушууда тараптар 2024-жылдын 8-февралында Анкара шаарында КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдында алдыңкы […]Читать далее
Кыргызстанда окуучулардын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Тагыраагы, каникул 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат. Эскерте кетсек, кийинки жума кыргызстандыктар үчүн 21-марттан 24-мартка чейин узак эс алуу күндөрү болмокчу.Читать далее
Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, изилдөө онлайн жана офлайн негизде өтөт. Азыркы учурда Кыргызстан изилдөөгө онлайн катышууга толук шарттар барбы деген маселенин үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн министрликтин коллегиялык жыйналышында 2024-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүнүн 7 приоритеттүү багыты менен тааныштырды. 1-багыт: Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү. Максат: 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтуу. 2-багыт: Мектептик билим берүүнүн, анын ичинде окуу китептерин басып чыгаруунун сапатын […]Читать далее
2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы 80% көбөйтүлдү. Бул 3 жылда биринчи жолу мугалимдердин жетишсиздиги менен кырдаалды өзгөртүүгө жана аны 4 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди. Окуу жылынын башталышына карата 698 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта министр Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйналышында билдирди. Догдуркүл Кендирбаева 2023-жылы педагогдордун потенциалын жогорулатууну уюштуруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр […]Читать далее
“Бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилди. Бул мамлекет мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик бала бакчаларда гана эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт дегенди билдирет”, – деди коллегиялык жыйналыштагы баяндамасында Билим берүү жана илим министри […]Читать далее
Биринчи улуттук онлайн-сабакка Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жабдылган мектептердин окуучулары катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ жалпы наркы 58 млн сомдон ашык болгон (650 миң АКШ доллары) 100 компьютердик классты жабдыган. Белгиленгендей, жабдуулар сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана COVID-19 билим берүү системасына тийгизген таасирин […]Читать далее