Кыргызстанда 1-майдан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Белгиленгендей, арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана жиберилиши керек. Электрондук форматта өтүнмө тапшыруу алыскы аймактардагы арыз ээлерине борборго келбестен, өз жеринде толтурууга мүмкүнчүлүк берет. “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо билим […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмү баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди. Ага ылайык, бүгүн, 22-апрелге карата 52 миң 816 бала 1-класска катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ысык- Көл облусу: 5091 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад облусу: 10 109 (жалпы квота – 34 миң 778) Нарын облусу: 3533 […]Читать далее
“Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу үчүн каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди. Анын айтымына караганда, каттоо 22-апрелден 2-майга чейин уланат. Тандоо үч этап менен өткөрүлөт. “Биринчи жана экинчи этапта тестирлөө онлайн […]Читать далее
17-апрелде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо үчүн “Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жарыяланды. Токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган, бул үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Долбоордо мектептик билим берүүнүн […]Читать далее
Жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын стандартташтырылган бланкалык тести 2024-жылдын 14-майында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. “Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт: эне-тили жана адабияты (45 мүнөт); математика (70 мүнөт); кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт); химия (60 мүнөт). “Алтын тамга” […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 15-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 40 миң 874 бала катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад облусу: 7582 (жалпы квота – 34 миң 778) Нарын облусу: 2801 (жалпы квота – 7 миң 741) […]Читать далее
Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 28 миң 936 бала катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу: […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 9-апрелге карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 21 миң 291 адам катталды. Катталгандарды облустар жана шаарлар боюнча бөлүштүрүү: Ысык- Көл облусу — 2174; Жалал-Абад облусу — 3704; Нарын облусу — 1557; Баткен облусу — 2330; Ош облусу — 3516; Талас облусу — 1174; Чүй облусу […]Читать далее
Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төр бала бакча ачылды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы. Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бирөө Москва районунда жайгашкан. Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасындагы түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат. Билим берүү жана илим министрлиги […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталды. Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн […]Читать далее