Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды. Министрликтен билдиришкендей, Эгемендүүлүк күнүнө жана Билим күнүнө карата белек катары өлкө боюнча 400гө чукул бала мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди, канцелярдык буюмдарды алышты. Ведомствонун өнөктөштөрү “Альянс Алтын” ЖЧКсы, “Ас-Сафа борбору” КБ, “эне […]Читать далее
Эртең, 25-августта “Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – билим берүүнүн шарты катары коомдун туруктуу өнүгүүсү” деген темада Бишкек шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жылдык август конференциясы өтөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын жетекчилиги, Бишкек шаардык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Читать далее
Билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн чыныгы локомотиви боло алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн билим берүү кызматкерлеринин, билим берүү тутумунун жетекчилеринин республикалык педагогикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы сөзүнүн алдында бүгүн Россия Федерациясында мекендештерибиздин жол кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланганына токтолду. Ал каза болгондордун жакындарына жана […]Читать далее
Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен фондусунан каржыланууда. “Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзөт. 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фонддун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. […]Читать далее
Казакстанда жаңы окуу жылынан тарта 1-класстын окуучулары мурдагыдай дароо үч тилди эмес, казак тилин гана окуй башташат. Бул тууралуу өлкөнүн агартуу министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн 16-августтагы жыйынында билдирди. “Балдар 1-класста казак тилин гана окушат. Анткени орус жана англис тилдерин үйрөнүү үчүн алгач алар өз тилинде окуганды жана жазганды билиши керек. Окуучуларга дароо үч тилди окуу […]Читать далее
Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостан республикасына окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сз кызматы билдирет. Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады. Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик […]Читать далее
Свердлов райондук администрациясынын жетекчилиги райондун жалпы билим берүү мекемелеринин директорлоруна билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн күмүш белги менен төмөнкүлөр сыйланды: – Абдылдаева Анара – №1 орто мектептин директору; – Пак Илита – №4 мектеп-гимназиясынын директору; – Үмөталиева Кулжан – №10 орто мектептин директору; – […]Читать далее
15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы […]Читать далее
Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө. Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат: – биринчи […]Читать далее