Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, күн мурун Кыргызстанга Pfizer компаниясынан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинасы үчүн эриткичтер келген. “ИАРБ адистери дароо эле өлкө боюнча вакцинаны таратууну пландаштыра башташты. Бүгүн, 30-августта, Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пункттары, андан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованы тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.Читать далее
Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 15-августтан 22-августка чейин СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен амбулатордук дарыланууда — 297, ооруканага жактырылгандар – 42. Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 789 учуру катталган, анын ичинде 18789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 […]Читать далее
Кыргызстандын мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө майыптыгы бар 200 миңдей жаран болсо, алардын ичинен 35 миңи балдар. Майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүү жетишсиз болгондуктан Жибек жолу көчөсүндөгү Курманбек Бакиевдин жана Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттин менчигине өткөн […]Читать далее
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү. КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем […]Читать далее
Республикалык штабдан билдиришкендей, коронавируска каршы учурдагы бардык вакциналар 2019-жылы пайда болгон баштапкы “ухань” штаммынын негизинде иштелип чыккан жана ковиддин жайылышын алдын алууга тийиш болгон. Бирок инфекция тездик менен мутацияланып: “альфадан” башталган эпидемия бүгүн “омикронго” жетти. Бул вариант эмдөө аркылуу түзүлгөн иммундук жоопту кыйгап өтүүгө үйрөндү: эми алар COVID-19дун таралуу ылдамдыгын эмес, ооруканага жаткырылгандардын жана каза […]Читать далее
Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети эсе жогору. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Белгиленгендей, мындай маалыматтар Италиянын Ден соолук жогорку институтунун акыркы баяндамасында камтылат. Бүтүмдөр 12 жаштан жогору курактагы инфекцияга чалдыккан 100 миң адамды изилдөөгө негизделген. Анализ 13-майдан 12-июнга чейин созулган. Медиктер билдиргендей, 80 жаштан жогору адамдар үчүн эмделбегендер арасында адам өлүмү […]Читать далее
Биринчи май районунда COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү. №1, 3, 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун баяндамачылары COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана инфекциянын жаңы учурлары, сезондук вирустук ооруларга каршы эмдөө, күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаал начарлаган учурда саламаттык сактоо мекемелеринин даярдыгы жөнүндө […]Читать далее
Кыргызстанда бир аптада, тактап айтканда, 1-августтан 7-августка чейин COVID-19дун 895 учуру аныкталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Чүй облустук санэпидкөзөмөл бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдирди. Анын айтымында, алардын 628инде коронавирустук инфекциянын белгилери бар, ал эми 67 жаран ооругандар байланышта болгон, ошондой эле 13 адам чет өлкөлөрдөн – Казакстан, Россия жана Беларустан келген. “Көпчүлүк жарандарда оору […]Читать далее