COVID-19. Вакцина деген эмне жана алар кантип иштейт?

 COVID-19. Вакцина деген эмне жана алар кантип иштейт?

Республикалык штабдан билдиришкендей, коронавируска каршы учурдагы бардык вакциналар 2019-жылы пайда болгон баштапкы “ухань” штаммынын негизинде иштелип чыккан жана ковиддин жайылышын алдын алууга тийиш болгон.

Бирок инфекция тездик менен мутацияланып: “альфадан” башталган эпидемия бүгүн “омикронго” жетти. Бул вариант эмдөө аркылуу түзүлгөн иммундук жоопту кыйгап өтүүгө үйрөндү: эми алар COVID-19дун таралуу ылдамдыгын эмес, ооруканага жаткырылгандардын жана каза болгондордун санын азайтат.

Вакцина деген эмне жана алар кантип иштейт?

Эмдөө же активдүү иммундоо – бул дүйнөдө кеңири колдонулган вирустук (кызылча, кызамык, свинка, полиомиелит, гепатит В ж.б.), ошондой эле бактериалык (кургак учук, ич өткөк, көк жөтөл, столбняк ж.б.) жугуштуу оорулардын жапырт алдын алуунун ыкмасы.

Ал илдетти дарылабайт, анын өнүгүшүнүн алдын алат.

Связанный пост