Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

 Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Кыргызстандын мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө майыптыгы бар 200 миңдей жаран болсо, алардын ичинен 35 миңи балдар.

Майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүү жетишсиз болгондуктан Жибек жолу көчөсүндөгү Курманбек Бакиевдин жана Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттин менчигине өткөн үйлөрүндө балдар үчүн күнү-түнү иштеген реабилитациялык борбор ачылат.

Аталган үйлөрдө курулуш иштери башталды.

Связанный пост