COVID-19: Биринчи май районунда абал туруктуу

 COVID-19: Биринчи май районунда абал туруктуу

Биринчи май районунда COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.

№1, 3, 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун баяндамачылары COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана инфекциянын жаңы учурлары, сезондук вирустук ооруларга каршы эмдөө, күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаал начарлаган учурда саламаттык сактоо мекемелеринин даярдыгы жөнүндө маалымат беришти.

Сөз учурунда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экендиги айтылды. Интенсивдүү көрсөткүчтөргө ылайык, аймак жашыл аймакта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын август айында райондо 86 учур катталса, акыркы суткада 18 учур катталган.

Мындан тышкары, эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда керектүү коргоочу каражаттар жетиштүү санда бар.

Райондук штабдын отурумунун жыйынтыгында калк арасында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чечими кабыл алынды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону жана эмдөөдөн өтүүнү өтүнөт. Вакцинация-бул вируска каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу ыкмасы. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр.

Связанный пост