Бишкекте А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Манас” үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, үчилтик англис тилине Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова тарабынан Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча которулган. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт […]Читать далее
Бүгүн, 10-августта Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, маданият күндөрү 5 күнгө созулуп, 15-августта жыйынтыкталат. Маданият күндөрүнүн алкагында бир катар кызматташуу жаатындагы жолугушуулар, кыргыз маданиятынын көөнөрбөс байлыгы болгон көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданий программалардан турат. Ошондой эле маданий күндөрдүн алкагында […]Читать далее
“Манас” үчилтиги англис тилине которулду. Бул тууралуу А.Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдирди. Маалыматка ылайык, Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча “Манас” үчилтигин англис тилине Акылай Байматова которгон, анын бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катышат. “Китептин ачылышында […]Читать далее
11-14-августта Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү. 3-августта Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам […]Читать далее
3-августта Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын маданият министри Анар Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тактап айтканда, тараптар дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана […]Читать далее
6-августта Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарынын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси жана концерттик программа өтөт. Эске салсак, Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын […]Читать далее
Каракол шаарында III Эл аралык жаш таланттардын “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык таланттуу балдар катышты. Фестивалдын конкурстук программасына жеке аткаруучулар, топтор, вокал, […]Читать далее
Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын алты ай аралыгында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлдү. “2022-жылдын алты айында өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү”, – деди ал.Читать далее
Чолпон-Ата шаарындагы казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты. Ачылыштын алкагында Казакстандын президенти ардактуу […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишет. Иш-чаранын программасы: 21-июлда саат 17:00дө фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, Ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода […]Читать далее