А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды

 А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды

Бишкек шаарынын мэриясынын А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдргендей, Бишкек драма театры 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Брест шаарында өткөн XXVI Эл аралык “Белая Вежа – 2022” театралдык фестивалында “Тарыхый эс тутумдун ишке ашырылышы” номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Фестивалга дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Армения, Беларусь, Болгария, Греция, Дания, Польша, Россия, Өзбекстандан драм, музыкалык, көчө жана куурчак театрлары катышты.

Фестивалдын программасына 24 театралдык жамааттын 28 спектакли кирди, актёрлор 7 тилде: беларусь, орус, армян, англис, поляк, болгар жана кыргыз тилдеринде ойношту.

“Белая Вежа” театр искусствосунун эл аралык фестивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет жана анын максаты – классикалык сахна салттарын өнүктүргөн жана заманбап каражаттарын издеген дүйнө жүзүндөгү улуттук театрлардын искусствосун көрсөтүү болуп саналат.

12-сентябрда Бишкек театры беларусиялык көрүүчүлөргө, фестивалдын конокторуна жана катышуучуларына Казакстандын Эл артисти, режиссеру Бекпулат Пармановдун Чыңгыз Айтматовдун романынын негизинде тартылган “Эсимде” чыгармасын тартуулады.

Связанный пост