Эртең 18:00дө Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылат

 Эртең 18:00дө Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көчмөндөр оюндарына 30га жакын маданият ишмерлери салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталуусу пландалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле кыргыз спортчулары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, таяк тартыш жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештерге катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат.

Связанный пост