Сүйүнбек Касмамбетов Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине катышты

 Сүйүнбек Касмамбетов  Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында өткөн (Түркия Республикасы) “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарадагы сөзүндө Мамлекеттик катчы “Манас” эпосу жалпы адамзат баалуулуктарынын чыныгы энциклопедиясы, озеки чыгармачылыктын туу чокусу болуп саналарын белгиледи.

“Кантсе да, биз кыргыздар дүйнөлүк маданиятка, анын ичинде түрк тилдүү элдердин маданиятына “Манас” эпосубуз жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу опол-тоодой зор салым кошконубузду сыймыктануу менен айта алабыз.

Ошондон улам, “Манас” эпосу кыргыз элинин эле эмес, түбү бирге түпкүлүктүү түрк элдеринин, алтургай жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарынын, элдик нарк-насилдин соолгус булагы болуп келген, болуп турат, мындан ары деле боло бермекчи”, – деди ал.

Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосунун жумалыгы Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнун утурлай, түрк маданиятын эл аралык деңгээлде таанытуу максатында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.

Ал Бурса – түрк элинин тарыхында өзгөчө орду бар, түрк маданиятынын жана цивилизациясынын алтын дарбазасы, ал эми боордош эки элдин – кыргыз-түрк тарыхый таржымалында эки элдин достугу менен бир туугандыгынын символуна айланган шаар экенин кошумчалады.

Мамлекеттик катчы ХI кылымда жүздөгөн кыргыз жоокерлери миңдеген чакырым жерди басып, түрк туугандарга тагдыр чечер салгылашында жардамга келип, баатырларча курман болгонун эске салды. Изник шаарындагы “Кыргыз түрбөсү” же “Кыргыз күмбөзү” мына ошол тарыхый окуянын айкын далили.

“Бул окуя эки элдин тарыхындагы эң урунттуу учур болгон. Алардын сөөгү мына ушул касиеттүү жерде жай тапкан. Мына ошол кыргыз баатырлары айкөл Манастын урпактары болгон. Ушул тарыхый тамырды андан ары тереңдетип улоо максатында, Бурса шаарында “Манас” эпосун айтуу – биздин улуу бабаларыбыздын алдындагы ыйык парзыбыз”, – деди ал.

Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан жана Түркиядан белгилүү манасчылар катышты.

Манасчылар “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берип, элдик бий топтору да өнөрлөрүн тартуулашты.

Бурса шаарындагы сейил бактардын биринде бир жумага созулган “Манас жумалыгынын” алкагында “Манасты” узак айтуу боюнча рекорд коюлду. Манасчы Рысбай Исаков 113 сааттан ашык манас айтты. Жумалыкты жабуу аземинде ага Гиннестин рекорддорунун китебинин сертификаты тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Манас жумалыгынын” алкагында Бурса шаарынын тургундары жана коноктору кыргыз оозеки элдик адабиятында маанилүү орунду ээлеген, түрк дүйнөсүнүн уникалдуу адабий жана маданий шедеврлеринин бири деп эсептелген дүйнөгө белгилүү “Манас” эпосу менен таанышышты.

Связанный пост