Министрлик Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты. 2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.Читать далее
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, райондук, шаардык бөлүмдөрү тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча жыл башынан тарта 150 миңге жакын адамга лекция окулуп, 17 миңден ашуун жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага карабастан облустун аймагында 252 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен өкүнүчтүүсү 7 жаран каза тапкан. Тилсиз жоонун алдын алуу максатында бакшармалык тарабынан атайын […]Читать далее
Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.Читать далее
Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Золотые пески» пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. Жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты. ИИМдин башчысы Улан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, аза […]Читать далее
Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган М. Б. жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн эрте менен издөө иштерине, жерине ӨКМге караштуу КДМБдан 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган. Саат 9:53тө изделип аткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат ыктыярчылар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды. Мындан тышкары, көлдө ушул өӊдү кырсыктарга жол бербөө, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо […]Читать далее
25- июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы “Семенов – Тянь-Шаньский” чокусуна чыгып, дайынсыз болгон адамды ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошуунунан 8 куткаруучу издеп жатышат. Эске салсак, 2023-жылдын 14-июль күнү аталган чокуга чыккан 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкө жараны дайынсыз болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен. ӨКМге түшкөн билдирүүдөн улам куткаруучулар […]Читать далее
2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү толугу менен өчүрүшкөн Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу ушул эле айылда жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында кечээ, 3-июль күнү саат 18:20да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кара-Суу райондук №102 жана №25 өрткө каршы бөлүктөрдөн 2 күжүрмөн эсеп тилсиз жоо менен күрөшүүгө чыккан. Мындан сырткары №13 өрткө каршы бөлүгүнөн […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунда Сокулук районунун Шопоков шаарында мунай базада мунай продуктулары бар 1 цистерна жарылып, Чүй облусунун саламаттык сактоо координатору Бактыгул Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө […]Читать далее